Кечээ, 25-декабрда саат 14:00дөр чамасында Бишкекте троллейбустун 49 жаштагы айдоочусу М.Исакун жөө жүрүүчүнү сүзүп алды. Окуя Б.Юнусалиев көчөсүндө, тагыраак айтканда, 7-кичи райондогу аялдамада болгон. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгынан жабыркаган 23 жаштагы Т.Артур №4-шаардык ооруканага жеткирилген.
Ал эми троллейбус иликтөө иштери бүткүчө ДЭПО-2 токтоочу жайына токтотулуп, бардык чогултулган материалдар Бишкек ШИИББнин жол кырсыктарын иликтөө бөлүмүнө өткөрүлдү.