Бишкекте дагы эки автобус каттамга чыкты

Эртең, 8-август Бишкек шаарында №215 жана №243 автобустары жаңы каттамга чыга баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, №215 автобус Ак-Ордо конушунан Беш-Күңгөй айлына каттайт. Каттамга жалпы 25 автобус чыгып, аралыгы 8 мүнөттөн болот.

Ал эми №243 автобус Жеңиш конушунан Асанбай кичи районуна багыт алат. Жалпы 30 автобус аралыгы 7 мүнөттөн каттап, жүргүнчүлөрдү тейлейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан