Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Парижге иш сапары менен барды. Бул туурасында бүгүн, 7-августта министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш сапар 5нен 8-августка чейин болот. Анын алкагында Франциянын саламаттык сактоо министри менен медицина тармагында кызматташуу боюнча жолугушат.
Ошондой эле Бейшеналиев Париждеги Олимпиада айылына барып, кыргыз спортчулары менен жолуккандыгы маалыматта кошумчаланган. Мындан тышкары спортчулардын эмканасына барып, кабар алып кайткан.