Калкты тейлөө борборлорунун бир катар функцияларын айыл өкмөттөргө берүү пландалууда

Калкты тейлөө борборлорунун бир катар функцияларын айыл өкмөттөргө берүү пландалууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал жакта жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн операторлор иштешет.

"Маалыматтык коопсуздукту эске алуу менен калкты тейлөө борборунун айрым кызматтарын банктар тарабынан аутсорсингге которуу боюнча долбоорду да ишке киргизебиз. Муну менен биз документтерди кабыл алуу пункттарын кеңейтебиз”, - деди Кутнаева.

Ошондой эле ал калкты тейлөө борборлорунун ишин жеңилдетүү үчүн жакында “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жарандарды жашаган жери боюнча онлайн-каттоо жана паспорт алууга онлайн-билдирме калтыруу санариптик сервиси ишке киргизилерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан