Бишкекте 8-августка караган түнү Ч. Айтматов көчөсүндөгү суу топтогон станциянын аймагындагы ачык аянтта куураган чөп өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча 3 гектарга жакын аянтты өрт каптаган.
Ал эми өрттү өчүрүүгө саат 00:06 чамасында Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, ачык аянттан чыккан өрт толугу менен сатт 06:53 чамасында өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.