Дарбыз өстүргөн дыйкандар: "Быйыл түшүмдүн баасы салыштырмалуу арзан болууда"

Токтогул районунун Көтөрмө айылында дарбыз өстүргөн тургундар учурда түшүмүн сатып жаткан кези. Айыл тургуну Альберт Исираилов быйыл дарбыздын баасы өткөн жылдарга салыштырмалуу арзан болуп жатканын айтты. Айтымында, июль айынын башынан тарта түшүм сатыкка чыккан.

"Айыл эли дарбыз өстүрүүнү өздөштүрүп жатат. Быйыл элет элинин көпчүлүгү өстүрдү. Түшүмдүн баасы быйыл жылдагыдан арзан. Былтыр дарбыздын бир килограммы 35 сомдон болсо, быйыл 10 сомго түшүп калды. Токтогулга, Кара-Көл шаарына, Таласка алып кетишет. Өткөндө Орусияга бир фура жөнөткөнбүз", - дейт ал.

Тургун дарбызды өстүрүү чоң эмгекти жана убакытты талап каларын белгиледи: "Дарбыз алгач күнөсканада өстүрүлүп, көчөт болгондон кийин талаага отургузулат. Ал эми сууну түшүм түйгөндөн баштап талап кыла баштайт. 3 же 4 күндө бир суугарып туруш керек. Быйыл 3 гектарга жакын жерге дарбыз өстүрдүм".

Ошол эле айылдын тургуну Азизбек Өмүрбек уулу үч жылдан бери дарбыз өстүрүп, дыйканчылык менен алектенет. Ал быйыл 2 гектардан ашык жерге дарбыз өстүргөн.

"2 гектар 40 сотых жерге дарбыз айдаганбыз. Түшүм өткөн эки жыл жакшы болгон. Быйыл жаан-чачынга байланыштуу жакшы эле. Кудайга шүгүр. 2 фура Орусияга, 1 фура Сахалинге жөнөттүк. Өлкө ичинде Чүйгө, Ошко, Жалал-Абадга кетти. Былтыр килограммы 25 сомдон сатканбыз, быйыл 15-20 сом, акыркы учурда бул баалар 10 сомго чейин түшүп кетти. Баалар дарбыздын сырткы көрүнүшүнө да байланыштуу болот", - деген тургун дыйканчылык кылууга жерди ижарага алганын кошумчалады.

Айыл башчысы Кадырбек Ормонбековдун айтымында, быйыл айылда 100 гектардан ашык жерге дарбыз эгилген. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 40 гектарды түзгөн эле.

"Быйыл айылдын көпчүлүк тургундары, тагыраагы, 83төй адам дарбыз өстүрүштү. Былтыр 40 гектар жерге өстүрүлгөн эле. Негизи айылда 4-5 жылдан бери дыйканчылыктын бул түрү менен эмгектенип келишет. Алгач 4-5 адам өстүрчү. Көтөрмө айылынын дарбызы делип көп жерге аты чыгып калган.

2-3 фура дарбыз Казакстанга жөнөтүлгөнүн уктум. Калгандары райондун ичиндеги аймактарга сатылууда", - дейт ал.

"Бул жылы жаан-чачын көп жаагандыктан дарбыздын түшүмү июль айынын ортолорунан баштап сатыкка чыга баштады, мурун буга караганда эрте чыкчу. Быйыл дарбыз көп болгондуктан баасы дагы арзан болуп жатат. Былтыр килограммы 12-13 сомдон болсо, быйыл 5 сомго чейин түшүп кетти", - дейт айыл башчы.

Ошондой эле айыл башчысы дыйкандарга айдоо-себүү убагында күйүүчү майды арзан баада ташып келүүдө жардам көрсөтүлгөнүн белгилеп өттү.

08.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан