Кримчөйрөдө "Тапанча" деп таанылган ишкер Чолпон-Атадан кармалды (фото)

Криминалдык чөйрөдө "Тапанча" деп таанылган И.Б. аттуу жеке ишкердин маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылаганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.Б. маркум кримтөбөл Камчыбек Асанбек менен жакын байланышы бар болуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуу менен Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аффилирленген жактар аркылуу "Голубой Иссык-Куль" жана "Кыргызское Взморье" пансионаттарына жакын жайгашкан пляждык зоналарды көп санда тариздегени такталган.

"Кымбат кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү алууда, бир нече ишкердик субъекттерин ачууда И.Б. өзүнүн социалдык статусун жана финансылык абалын жакшырткан. Ошону менен бирге ал мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн Көлбаевдин "ууру казынасын" толуктоого байма-бай жумшаган", - деп билдиришти УКМКдан.

Мындан улам 7-августта И.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш жолу менен алынган башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан