Орусиянын Новосибирск шаарындагы Сибирь мамлекеттик байланыш жолдор университети Кыргыз жарандары үчүн “Темир жол куруу” адистиги боюнча билим алууга 10 бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.- арыз
- паспорттун көчүрмөсү
- орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын көчүрмөсү.
Университеттин кызматкерлери Бишкекте информатика, математика, физика жана орус тили боюнча кирүү сынактарын дистанттык форматта кабыл алышат. Бюджеттик негизде окууга кабыл алынган студенттер жатакана менен камсыздалат.