"Тартип сактабагандарга айып пул салынат". Транспорт министрлигинин эскертүүсү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан күн ысык болгон учурда асфальт жолго чыккан оор жүк ташуучу унаалар токтотулууда.
Министрлик билдиргендей, тартипти сактабаган айдоочуларга айып пул салынат.
Бул чектөө:
  • Жүргүнчү ташыган;
  • Гуманитардык жардамды ташыган;
  • Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган,
  • Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган,
  • Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) колдонулбайт.
Белгилей кетсек, буга чейин салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы +28 С жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгени эскертилген.
Текшерүү иштери 21 транспорттук көзөмөлдөө пунктунда 10 мобилдик топ аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан