Маркум киримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууган эжелери президент Садыр Жапаровго, биринчи айым Айгүл Жапаровага жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, апасы Мая Алиеваны үйүнөн ажыратпоону суранды. Видеокайрылуу адвокат Бактыбек Жумашевдин Facebook баракчасына жарыяланды.
"76 жаштагы апамды неберелери менен көчөгө чыгарып койгону жатышат. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, өзүңүз жогорку трибунадан "ар бирине жашаган үйүн калтырабыз" деп айттыңыз эле. Бирок азыркы сот процессинде ата-энебиз өмүр бою эмгектенип 1983-жылы салган үйү конфискация коркунучунда турат. Сизден туура чечим чыгарууну суранабыз", - деген Айнура Көлбаева.
Ошондой эле Айгүл Көлбаева улгайып калган апасына калган жашоосун өз үйүндө өткөрүүгө мүмкүндүк берүүнү өтүндү.
Буга чейин Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев апасына козголгон кылмыш ишин адилеттүү карап берүүнү өтүнгөн.
Эске салсак, 4-октябрда УКМК Камчыбек Көлбаев атайын операция учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Ошондон бери атайын кызмат ага жана жакындарына таандык делген мүлктөрдү аныктап, мамлекетке кайтаруу иштерин жүргүзүп келет.