Бишкекте 90 миң куту контрафакттык сагыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордогу базарлардын биринде өндүрүлүшү белгисиз 90 миң куту Orbit сагызы табылган.
Учурда ал продукциянын жасалма же жасалма эмес экенин текшерүү үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатканы айтылды.
"Контрафакт экени тастыкталган учурда материалдар аны конфискациялоо жана андан ары жок кылуу үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта.