Чаткалда кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт

10-11-август күндөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда “Өзгөчө Чаткал шырыгы жана кырк курак – 2024” аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, кароо-сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер жана маданият кызматкерлери катыша алат.
"Аймактардан келген уз-чеберлер атайын белгиленген жерге буюмдарын жайгаштырат. Ар бир катышуучу өздөрүнүн алып келген эмгектери туурасында 5 мүнөттүн ичинде айтып берүүсү зарыл. Катышуучулардын бардыгы улуттук кийимде болуусу шарт. Калыстар тарабынан кол өнөрчүлөргө суроолор берилиши мүмкүн", - деп жазылат анда.
Фестивалдын максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу экени айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан