Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 8-августта өлкө аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 13:12де жер силкинип, анын күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында орун алып, Алай районунун Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан