Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жаштагы Ринат Дүйшөнбеков изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Ж.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда уулу "Оттук" жайлоосунда мал кайтарып жүргөн жеринен дайынсыз жоголгонун айткан.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара түстө.
Кийген кийими: кара куртка, кара шым, жашыл түстөгү баш кийим, бутунда кара түстөгү өтүк болгон.
Милиция көргөн-билгендер болсо 102, 0701 06-31-02 номерлерине кайрылууну суранат.