Японияда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-августта жер титирөө жергиликтүү саат боюнча 16:43тө катталып, анын очогу Кюсю аралынын түштүгүндө, Миядзаки шаарынан 14 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Өлкөдө цунами болушу мүмкүн экендигин маалымат каражаттары жазышууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.