Бишкекте Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган эки алмашуу бюросу айып пулга жыгылды. Бул туурасында бүгүн, 8-августта мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ар бирине 55 миң сомдон айып салынды.
Ошондой эле Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан эки жаранга айып салынды. Алардын ар бири 17 500 сом төгөт.