Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Ош облусттук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында Hyundai Porter жана Subaru Outback үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Анда Өзгөн районунун 1986-жылы туулган тургуну Н.Б мас абалында унаасын башкарып бара жатып, каршы келе жаткан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 26 жаштагы тургуну С.у.Б.нын башкаруусундагы унаа менен сүзүшкөн.
Натыйжада Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алып, облусттук ооруканага жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.