Бүгүн, 8-август Ысык-Көлдүн жээгинде күтүүсүз жоголгон эки жашар баланы туристтик милиция кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришти.
Маалымдалгандай, пляж аймактарында күнүмдүк патрулдук текшерүү учурунда милиция дүрбөлөңгө түшүп, баласынын жоголуп кеткенин байкаган ата-энелердин билдирүүсүнө ыкчам реакция жасашкан.
Ата-энелер милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана ыкчамдыгы үчүн терең ыраазычылыктарын жана кубанычтарын билдиришти.