Ошто КМШнын ардагерлери Ооганстанда курман болгондорду эскеришти

Бүгүн, 8-августта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында Ооган согушуна 1979-жылы Ош шаарында жайгашкан 860 полктон Памир-Ишкашим аркылуу Ооганстандын Файзабад провинициясына барып, Ооган согушуна катышып келген ардагерлер 45 жылдан кийин жолугушуп, курман болгон жоокерлерди эскеришти. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чаранын жүрүшүндө мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюлуп, курман болгон интернационалист жоокерлер эскерилди.

Белгилей кетсек, полк Ош шаарынан 36 күндүн ичинде кышында Памирдин эң татаал 10 бийик тоо ашууларын, анын ичинде СССРдеги эң бийик Ак-Байтап ашуусун (4655 м) басып өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан