Камчыбек Ташиев 5 балалуу 25 жаштагы энеге батир бермей болду

Бүгүн, 8-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районундагы Сары- Моңол айылынын тургуну 25 жаштагы Динара Муратова жана анын беш баласына биринчи жолу өздүгүн аныктаган документтерин тапшырды. Жардам сурап кайрылган атасы Абдывап Бусурманкуловду атайын кызматтын башчысы кабыл алып, акчалай колдоо көрсөтүп, неберелерине белектерин ыйгарды. Бул туурасында анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык баракчасынан билдирди.

Маалымдалгандай, Динара Муратова үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн.

"Ошол себептен балдарына дагы туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү берилбей келген. Буга чейин тиешелүү кызматтарга кайрылып, эч кандай жыйынтык болгон эмес. Мындан улам атасы, Абдывап Бусурманкулов социалдык тармактардан кайрылуу жасаган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жолугушууда Камчыбек Ташиев бул үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир бере тургандыгын да убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан