Бакай-Ата районунда 60 сотых жердеги кара куурай орулду. Бул туурасында бүгүн, 8-августта Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Боо-Терек жана Миң-Булак айылдары, Эчкили тоонун жанында жайгашкан каналдын жээгинен орулган кара куурай 1 тоннага жакын салмакты түзөт.
Ошондой эле орулуп алынган кара куурай кызматкерлер тарабынан өрттөлүп, жок кылынгандыгы маалыматта кошумчаланган.