Токмок шаарында бейбаштыкка шектелип 5 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 31 жаштагы Э.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 3-августка караган түнү сейил бакта курулуш иштерин кылып жүргөнүндө ага бир топ жигиттер келип, эч себепсиз сабап салышканын айткан. Жабырлануучу денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2003-жылы туулган Т.А., 2004-жылы туулган К.С., 2003-жылы туулган Х.И., 2004-жылы туулган Т.Б. жана 2004-жылы туулган А.А. кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.