АКШга виза ачып берем деген. Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектүү кармалды. Октябрь РИИБи 24 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин бүгүн, 9-августта маалымдады.

Кабарга ылайык, милицияга кайрылган жабырлануучу АКШга виза ачып берем деген эки жаранга 714 миң сом өлчөмдө алданып калганын айткан. Ошондой эле Н.Д. жана Б.Ф. аттуу жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Шектүү катары 2000-жылы туулган Б.Ф. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция аталган компаниядан жабыркаган жарандар төмөнкү номерлер аркылуу 0(504) 00-66-11 же 102 кайрылууну суранат:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан