Бишкекте дайынсыз жоголгон эже-сиңди табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалым болгондой, укук коргоо кызматкерлери 10 жана 7 жаштагы Назарматоваларды түнү бою издеп, аларды шаардын аймагынан табышкан.
Милиция бир туугандардын абалы жакшы экенин, учурда бул факты боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин кечээ күнү Скрябина көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткан кыздар тууралуу маалымдалган.