Баткенде диний экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жаран аныкталды

Социалдык тармактарда Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, таратылган материалдар чогултулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып анын корутундусунда коомго таркатылган материалдар өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекистан Ислам Кыймылы” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги белгилүү болду.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Баткен облусунун 30 жаштагы тургуну К.Б. экендиги аныкталып, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан