Бүгүн, 9-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 120 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу Электр станцияларынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, суунун агып келиши секундасына 723 куб метрди түздү. Ал эми сууну керектөө секундасына 435 куб метрди түзүүдө.
Кечээ суунун көлөмү 12 миллиард 96 миллион куб метрди түзгөн болчу.