Орусиянын базарларында Кыргызстандын өрүктөрү үчүн кошумча орундуктар каралды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин өкүлдөрү Орусиянын шаарларынын жергиликтүү базарларынын дирекциялары менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өрүктү Кыргызстандан ташып келүүдө төмөнкүдөй шарттар каралган.
Новосибирск шаары, “Хилокский” дүң базары: Өрүккө болгон баа: килограммы 50 рубль
Унаанын кирүүсүнүн ижара акысы 43-47 миң рубль.
Өтүү жөндөмдүүлүгү: 3-7 күн.
Кыргызстандын логистикалык компаниялары аркылуу 200 миң рубль жана андан жогорку төлөмдө жеткирүү акысы каралган.
Жолдо жүрүү убактысы 2-3 сутка.
Суроолор боюнча 0 557 557 529 номерине кайрылса болот.
Омск шаары, “Черлок” дүң базары: Өрүккө болгон баа: 50 рубль.
Орунду ижарага алуу: күнүнө 5-6 миң рубль, унаанын көлөмүнө жараша.
Өтүү жөндөмдүүлүгү: 5-7 күн.
Жүктү 2-3 күндүн ичинде 250 миң рублга алып келүүгө болот.
Сургут шаары, “Аскония” дүң базары: Өрүккө болгон баа: 80 рубль.
Жерди ижарага алуу: күнүнө 2500 миң рубль.
Өтүү жөндөмдүүлүгү: 3-7 күн.
Жүктү 3-4 күндүн ичинде 250 миң рублга жеткирүүгө мүмкүн.
Кошумча суроолор боюнча 0 557 557 529 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Буга чейин Ысык-Көлдүн тургундары өрүктүн баасы арзан болуп, өтпөй жатканына нааразычылыгын айтып, мамлекет башчысынан өрүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курдуруусун, же чет жакка эксорттоого шарт түзүп берүүсүн өтүнүшкөн.