
2024-2025-окуу жылына карата "Эл үмүтү" стипендиясын алууга 22 талапкер жактырылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди, ал эми экинчи окуу жылына 6 арызды жактырды.