Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияланды

Бишкек шаарынын 4-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт биринчи кабаттагы электр калканынан чыккан. Тилсиз жоонун кесепетин жоюу үчүн тартылган куткаруучулар үйдүн үстүнкү кабаттарындагы 10 адамды эвакуациялоого жетишкен.

"Өрт саат 16:29да толук өчүрүлдү. Жерине "Тез жардам" жана РЭТ кызматы дагы тартылды", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кырсыктан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан