Раззаков шаарында шантаж кылуу менен опузалап акча талап кылып жүргөн аял кармалды. Бул туурасында бүгүн, 10-августта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 20 жаштагы аял киши Ак-Суу айылынын тургуну 53 жаштагы К.У.ну коркутуп “сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем, аны бардык эл көрөт, үй-бүлөң көрөт” деп шантаж кылып жабырлануучудан 10 миң сом акча алган. Эки күн өткөндөн кийин дагы 15 миң сом акча алып жаткан жеринен милиция кармаган.
Бул факт боюнча “Опузалап талап кылуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кармалган жаран азыркы күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.