Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан өлкө аймагында 5-августтан тартып “Кошумча жабдык” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул туурасында кечээ, 9-августта ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 234 автоунаа айып короо жайына киргизилип, жалпысынан 2 миллион 76 миң сом айып салынды.
“Азыркы учурда айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган, же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды өз алдынча мыйзамсыз орнотуп алган жана техникалык кемчиликтери аныкталган унаалар кармалып жатат”, - деп белгиленген маалыматта.