
Бүгүн, 10-августта өлкөнүн Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 10:26да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, жер титирөө Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 баллга сезилген.
Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.