Кара-Көлдө баңги каражатын сактап жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын аймагында “Н” аттуу жаран мыйзамсыз баңгизат каражатын чогултуп, даярдап жүргөн деген шек менен кармалды. Бул туурасында бүгүн, 10-августта Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Кара-Көл милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан 5-августан 11-августка чейин “Кара-Куурай” аталышында иш-чара уюштурулган. Анын алкагында шектүү жаран боюнча маалымат келип түшкөн.

“Окуя болгон жерге кароо жүргүзүп жарым кап салмагы 3 килограмм 935 грамм болгон өзгөчө жыты бар чөп алынган. Ага соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Шектүү Бишкек шаарынын 1991-жылкы тургуну экендиги аныкталган”, - деп айтылган маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан