Кемин районунда Чүй облусунун ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды. Бул туурасында кечээ, 10-августта облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Чоң-Кемин айыл аймагынын аймагындагы кара куурай өскөн жерлер аныкталып, 2 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды.
“Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганын эскертип, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”, -деп кошумчаланган маалыматта.