Бүгүн, 11-августта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында оор кылымышка шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Ал пикир келишпестиктен улам бөтөлкөлөшүн өлтүрүп алган. Бул туурсында Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, эртең менен шаардагы көчөлөрдүн биринде болжол менен 45-50 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Милиция жеринде кароо жүргүзүп, ал Кызыл-Кыя шаарынын 1978-жылы туулган тургуну И.И. экендигин аныкташкан. Анын денесине учтуу зат сайылып, каза болгондугу байкалган.
Кылмыштын изи сууй электе мурда сот жообуна тартылган 22 жаштагы Т.Д. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда кылмыш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.