Жалал-Абаддагы жол кырсыгы 6 адамдын өмүрүн алды

Ноокен районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-августта Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 11-августка караган түнү саат 04:05 чамасында болгон.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында SsangYong Korando үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеде келе жаткан Renault Premium үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Облустук Кайгуул кызматы кырсык болгон жерден 5 адам каза болгонун жана 1 жаран Шамалды-Сай шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө алган жараатынан улам көз жумганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан