Кечээ, 11-августта Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардын Панфилов көчөсүндө жайгашкан турак үйгө Таш-Көмүр шаардык ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, №6 Өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 4 куткаруучу тартылган.
"Тилсиз жоо саат 17:39да курчоого алынды. Өрттүн кесепетинен бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү: 1961-жылы туулган Н.М., 2011-жылы туулган А.Б., 2014-жылы туулган А.Э. жана 2018-жылы туулган А.А. каза болду", - деп жазылат анда.
Аталган жарандардын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан чыгарылып, Таш-Көмүр ШИИБине өткөрүлүп берилди.