"Сүйүнүчүмдүн чеги жок". Айсулуу Тыныбекова Парижден кайрылуу жасады (видео)

Белгилүү кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасындагы жеңишинен кийин кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, Instagram баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасады.

"Сүйүнүчүмдүн чеги жок, абдан кубанып турам. Парижден туруп жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдирем. Анткени бүгүнкү күнгө чейин мага дем, күч-кубат берип турган кыргыз элим. Медаль баарыбыздын жеңишибиз. Бул коло медаль аябагандай оор жол менен келди. Мен үчүн кыргыздын кызы болуп төрөлүп калганым чоң сыймык. Сиздердин колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Чоң рахмат!" - деген спортчу айым.

Ошондой эле ал баракчасына жеңишке жетүү ден соолугуна байланыштуу оор болгонун жазган.

"Азыр ичимде эмоциялар кайнап турган учур. Бул жолу ден соолугума байланыштуу оор болду. Бирок сиздердин чексиз колдооңуздар мага ар дайым алдыга умтулууга күч берип келет. Биздин жеңиш жалпыбыздын жетишкендигибиз жана аны сиздер менен бөлүшүп жатканыма сыймыктанам. Сиздердин колдооңуздарга чоң рахмат. Колдоону ар дайым сезип келем. Менин мотивация жана эргүү алуучу булагым силерсиңер!" - деген билдирүү калтырган.

Эске салсак, Тыныбекова Париж шаарында өткөн Олимп оюндарынан кыз-келиндер күрөшү боюнча коло медаль тагынды.

12.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан