"Электр станциялары" ААКсынын бүгүн, 12-августтагы маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 177 миллион куб метрди түздү.
Суунун агып келиши секундасына 620 куб метрди түзсө, ал эми сууну керектөө секундасына 358 куб метрди түзүүдө.
Кечээ, 11-августта суунун көлөмү 12 миллиард 154 миллион куб метрди түзгөн болчу.