Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Токтогул суу сактагычындагы кейиштүү абал тартылган видео менен Facebook баракчасы аркылуу бөлүштү.
Андагы кадрдан таштанды толгон жайды көрүүгө болот.
"Эс алууга келгем, бирок шарты ушундай экен. Бул үчүн жергиликтүү администрация жооп бериши керек", - деген билдирүү калтырган.