Жалал-Абадда 27 жаштагы келинди күйөөсү токмоктогон. Милиция бул боюнча үн катты

Жалал-Абадда 27 жаштагы келин жолдошу тарабынан ур-токмокко алынып, ооруканага жатып чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-августта облустук милициядан тастыкташты.

Ырастагандай, окуя тууралуу 8-август күнү милицияга Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери кабарлаган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 22:20 чамасында Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасынын 27 жаштагы тургунун 24 жаштагы жолдошу эч бир себепсиз урган. Натыйжада жабырлануучу облустук ооруканасына кайрылып, амбулатордук жардам алып чыгып кеткен.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Териштирүү үчүн укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барганда келинчегин сабаган жаран үйүндө жок болуп чыккан. Ал эми жабырлануучу "түнү менен ойлонуп көрөйүн" деп, арыз жазуудан баш тарткан. 9-августта ал милицияга арыз жазган. Мындан улам жабырлануучунун денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми арыздын негизинде тергөөгө алынып келинген күйөөсү төмөнкүдөй көрсөтмө берген. Аялы менен уруша кеткенде ал колун тиштеп алгандыктан бетке чаап жиберген. Ошол учурда аялы кошуналарына сүрөткө, видеого тарттырып, аны бир тууган эжесине жиберген.

Милиция учурда териштирүү иштери улантылып жатканын кошумчалады.

Буга чейин жергиликтүү басылмалардын бири 27 жаштагы келин жолдошу тарабынан аёосуз сабалганын жазып чыккан. Анда жабырлануучу милиция жолдошун кармабай жатканын билдирген. Ошондой эле ал кош бойлуу экенин, ортодогу уруш туулган күнүндө социалдык тармакка сүрөт, видео жүктөгөндөн улам келип чыкканын айтып, күйөөсү кошуналарынын көзүнчө жылаңач сабаганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан