Ош облусунун Алай районунда көмүрдү байытуучу ишкана ачылды. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө көмүрдү жууп тазалоо процесси көрсөтүлдү.
Мындагы карьердин башкалардан өзгөчөлүгү көмүрдүн таштарын, топурактарын ажыратып, ошондой эле иштетилбей калган көмүрлөрдү экологияга зыянын тийгизбей иргеп, жарактуусун чыгарып берет.
Ишкананын курулушу 2023-жылы башталып, учурда 35 адамга жумуш орундары түзүлгөн.