Таласта курбу кыздарды зордуктаганга шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта облустук милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 3-июлда милицияга Талас шаарынын 53 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2-июль күнү 16 жаштагы кызын курбусу менен чогуу 2 бала зордуктаганын билдирген.
Ушундай эле арыз менен Талас шаарынын 26 жаштагы тургуну дагы кайрылып, 17 жаштагы карындашы курбу кызы менен бирге 2 бала тарабынан зордукталганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Жогорудагы кылмыш ишине шектелип жаткан 18 жаштагы улан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми окуянын дагы бир катышуучусу 30 жаштагы жаран изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу, издөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.