Париж шаарында өткөн Олимпиада маалында 90 ымыркайга кыргыз спортчуларынын ысымы коюлду. Бул тууралуу маалыматты, бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына Санариптик өнүктүрүү министрлигинен ырастады.
Маалыматка ылайык, 26-июлдан 11-август аралыгында төрөлгөн ымыркайларга кыргыз балбаны Акжолдун ысымы эң көп ыйгарылган.
Ошондой эле министрлик 2 жаңы төрөлгөн балага Акжоламан деген ат коюлганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, XXXIII Жайкы Олимпиададан Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) менен Мунарбек Сейитбек уулу (бокс) күмүш байге алса, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль утту. Ал эми Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү) коло үчүн күрөштө жеңилип калып, 5-орунду ээледи.