Буга чейин социалдык тармактарда баласын алдына отургузуп алып, унаа айдап бара жаткан аял кишинин видеосу тараган.
Бул видеодон кийин Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматкерлери аталган айдоочуну табышкан. Аны текшерүү учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болгону жана коопсуздук курун тагынбаганы аныкталып, жалпы 19 миң сом айып салынган.
Өз кезегинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жарандардан укук бузууларды көрүшсө, 0777 102-102 телефон номурларына кабарлап коюну өтүндү.