Чолпон-Атада кайрадан сел жүрдү (видео)

Бүгүн, 12-августта нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлүү жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан бир турак үйдүн жана бир дүкөндүн короосуна кирген.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу жумуштарын жеке көзөмөлүнө алууда. Учурда министр баштаган куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Видео: ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан