Биз социалдык тармакта

Париждеги Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга канча сый акы берилет?

Париж шаарында өткөн XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынан күмүш байге алган кыргызстандык спортчуларга 10 миллион сом берилет. Бул тууралуу маалыматты, бүгүн, 13-августта Министрлер кабинетинен тастыктады.

Маалым болгондой, кыргыз өкмөтү тарабынан алтын байге үчүн 15 миллион сом, күмүшкө 10 миллион сом жана коло медаль алгандарга 7 миллион сом берилет.

Ошондой эле машыктыруучуларга жана дарыгерлерге да сый акы каралган.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы мыйзам боюнча Олимп оюндарында алтын алган спортчуларга 10 миллион сом, экинчи орунга 7 миллион жана үчүнчү орун үчүн 5 миллион сом каралганын кабарлаган.

Белгилей кетсек, Олимпиадада өлкө намысын 16 спортчу коргоп, алтоо байгелүү орундарга илинди. Тагыраагы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) менен Мунарбек Сейитбек уулу (бокс) күмүш байге утуп алышты. Ал эми Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков (грек-рим күрөшү) жана Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль тагынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан