Бүгүн, 13-августта оңдоо иштери үчүн жабылган Бишкектеги Чүй проспектисинин Манас кең көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдашты.
Белгилей кетсек, Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт.