УКМК мушкердин базарын тартып алууга Эркин Мамбеталиевдин тууганынын катышы бар экенин айтты

Боксчунун базарын тартып алууга шектелип кримтөбөлдүн тууганы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат "Дордой" соода борборунун аймагында жайгашкан "Берекени" тартып алууда базар администраторунун катыштыгы бар экендигин аныктаган.

Бул иш боюнча мурда кармалган Ы.М. аттуу жаран базар администротору жана УКТ жетекчилеринин бири Эркин Мамбеталиевдин тууганы менен сүйлөшүп алып, Н.Ж. аттуу жарандын мүлкүн тартып алышкан. Алар базардан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн уюшкан кылмыштуу топторду колдоого жана кылмыштуу аракеттерди уюштурууга жумшап келишкен.

Чогултулган материалдардын негизинде Мамбеталиевдин тууганы делген Ж.Ы. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилген.

УКМК учурда буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 15-июлда Коопсуздук комитети бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чеберине таандык болгон "Береке" базарын мыйзамсыз тартып алган деген шек менен Ы.М.ны камакка алган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан