Бүгүн, 13-августта "Associated Press" маалымат агенттиги Болгариянын укук коргоо органдары тарабынан 436 килограмм "героин" баңгизаты табылып алынганы жана бул баңгизаттар Кыргызстандан барган жүктүн ичинде катылганын жарыялаган.
Бул боюнча өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Болгариянын мамлекеттик органы тарабынан расмий түрдө маалымат тастыкталбаганын айтты.
ИИМ билдиргендей, бул маалымат Кыргызстандын маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда тарап жатат.
"Бул окуя боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өз кезегинде мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде тастыктоо иретинде тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Азыркы убакта жүк Батуми шаарынан барганы маалым жана мындан аркы маалыматтар такталат", - деп билдиришти министрликтен.
ИИМ ири өлчөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз жүргүртүүдөн алуу приоритеттүү багыттардын бири деп эсептейт. Укук коргоо кызматы бул багытта тийиштүү деңгээлде иштер жүрүп жатканын белгиледи.